
[adrotate_integration id=”2″]🏫 Бишкекте акыркы үч жыл ичинде президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 9 мектеп, 15 кошумча окуу корпусу жана 23 бала бакча курулду.
👷♂️ Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, бул иштер улантылат жана жаңы курулган мектептер инклюзивдүүлүк принциптерине ылайыкташтырылат.
🔧 Билим берүү мекемелеринде жыл сайын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
💰 2025-жылы мамлекеттик менчикке кайтарылган мекемелерди кошкондо, бул максаттарга 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү.






