Өрттөн жабыркаган бишкектикке камсыздандыруу сертификаты берилди

Бишкек шаарынын Ленин районунун башчысы Тариел Айтиев өрттөн жабыркаган Венера Сулеймановага 849 029 сомдук камсыздандыруу сертификатын тапшырды. Ал майыптыгы бар жаран катары турак жайын бекер камсыздандырган.

🔥 Бишкек шаарынын Ленин районунун башчысы Тариел Айтиев, өрттөн жабыр тарткан Венера Сулеймановага 849 029 сомдук камсыздандыруу сертификатын тапшырды.

⚡️ Өрт 2025-жылдын 1-июлунда, түн ичинде, Обская көчөсүндөгү №5 үйдө чыккан. Электр зымдарынын кыска туташуусу өрттүн чыгышына себеп болгон жана ал турак жайга олуттуу материалдык зыян келтирген.

🏠 Венера Раджибаевна, II топтогу майып, кварталдык ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна (ГСО) кайрылып, турак жайын милдеттүү камсыздандыруу программасы (ОСЖ) боюнча бекер камсыздандырган.

📄 Өрттүн чыгышы тууралуу өрт кызматынын актысы сыяктуу бардык керектүү документтер 16-июлда ГСОго берилген, ал эми 24-июлда каралып, жабырлануучуга толук камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлгөн.

🛡 Бул окуя өз мүлкүңдү өз убагында камсыздандыруунун канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат. Айрыкча социалдык жактан аялуу катмардагы жарандар үчүн мамлекеттик колдоо каралган.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген