




[adrotate_integration id=”2″]


🌍 Баткен облусуна жумушчу сапары менен Өзбекстандын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишти. Бул жолугушууда эки элдин ортосундагы достук жана коңшулук мамилелерди бекемдөө, чек ара аймактарында кызматташууну кеңейтүү жана туризм тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
🤝 Маалымат мейкиндигинде өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана чек ара аймактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу өзгөчө көңүл бурууну талап кылды.
🏗 Айбек Шаменов конокторго жакын арада баштала турган экологиялык шаар «Жаңы Баткен» куруу долбоору тууралуу маалымат берип, анын максаттары жана өнүгүү багыттары менен тааныштырды.
📺 Өзбекстандык журналисттер “Баткен” телеканалына жана “Баткен таңы” облустук гезитине барышып, жергиликтүү маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана иштөө шарттары менен таанышышты.
🔄 “Баткен” телеканалынын түз эфиринде эки өлкөнүн журналисттери маалымат алмашуунун Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанисин талкуулашты.
📜 Бул иш-чаралар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан кол коюлган кызматташтык жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып жатат.






