🌐 Министр тышкы иштер Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов 30-31-июль күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
🤝 Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолугуп, кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
🌍 Жолугушууда тараптардын биргелешкен аракеттеринин артыкчылыктары да каралат.
🤝 Бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди дагы да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган.






