Өзгөн районунун бир айылына жаңы заманбап автогрейдер берилди.

Жалпак-Таш айылынын тургундарына жаңы заманбап грейдер техникасы тапшырылды. Анын жалпы баасы 9 миллион 500 миң сомду түзүп, Ош облусунун өнүктүрүү фонду жана Жалпак-Таш айыл аймагын өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

🌟 Жалпак-Таш айылынын тургундарына жаңы заманбап грейдердик техника тапшырылды.

🚜 Техниканын ачкычтарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев тапшырды.

💰 Грейдердин жалпы баасы 9 миллион 500 миң сомду түздү. Анын ичинен 7 миллион 775 миң сому Ош облусунун өнүктүрүү фондунан каржыланса, 1 миллион 725 миң сому Жалпак-Таш айыл аймагын өнүктүрүү фондунан бөлүндү.

🌱 Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай техниканын зарылдыгы акыркы жылдары өзгөчө сезилип келди. Жаз жана күз мезгилдеринде жолдордун абалы начарлап, тургундардын кыймылын кыйындатчу.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x