




🏫 Узген районундагы Жылалды айылында жаңы мектеп курулууда, ал 275 окуучуга ылайыкташтырылган.
📏 Мектептин жалпы аянты 2005 чарчы метрди түзөт жана эки кабаттуу окуу корпусун, спорт залын жана өтмө галереяны камтыйт.
🔬 Жаңы мектепте окуу класстарынан тышкары, лаборатория, китепкана, актовый зал, медициналык кабинет жана эмгек сабактары үчүн атайын кабинеттер каралган.
🛠️ Курулуш иштери 2022-жылы башталган жана учурда иштердин 52% аяктаган. Курулушту толугу менен аяктоо ушул жылдын аягына пландалууда.
🏢 Учурдагы мектеп имараты 1972-жылы курулган жана 220 окуучуга ылайыкташтырылган, бирок азыркы учурда анда 600дөн ашуун окуучу билим алууда.