🔍 Бишкекте окуучунун ден соолугуна оор залал келтирүүгө шектелген адам кармалды.
📅 2025-жылдын 21-январында Бишкектеги №72 мектептин 9-классынын окуучусу Т.И. башка окуучулар менен бирге мектептин дааратканада А.А. аттуу окуучуга кол салып, анын эсин жоготушуна себеп болгон.
🏥 А.А. ооруканага жеткирилип, 4-февралда көз жумган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
💰 Тергөө иштеринде окуянын себеби катары кармалган Т.И. 8-класстын окуучуларынан акча талап кылганы аныкталган.
⚖️ Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130 (Ден соолукка оор залал келтирүү) жана 208 (Опузалап акча талап кылуу) беренелери боюнча кылмыш иштери козголду.
👮 Т.И. 2009-жылы туулган, кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
🔬 Заманбап экспертизалардын негизинде Т.И.нин баңгизат колдонуусу боюнча шектенүүлөр четке кагылды.
🔎 Тергөө иштери улантылууда.