Өзбекстан Кыргызстандан товар импорттоого кызыкдар

Өзбекстанда Кыргызстандын бизнес-делегациясынын «Фуд Сити» дүң соода борборунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп, анда Кыргызстандын азык-түлүктөрүн, анын ичинде мөмө-жемиштерди, эт жана сүттү жайгаштыруу жана жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Делегация ошондой эле жергиликтуу колбаса жана балык чарба заводдорунун ендуруштук базалары менен да таанышты. Фуд Сити - соодагерлерге жана тамак-аш кайра иштетүүчүлөргө ар кандай кызматтарды сунуш кылган өлкөдөгү эң ири дүң базар.

🇰🇬 Кыргыз бизнес делегациясы Өзбекстандын Food City дүң соода борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

🏬 Иш сапардын жүрүшүндө делегация Фуд Ситинин инфраструктурасы, анын ичинде кампа жана тоңдургуч жайлары менен таанышты.

🥔 Кыргызстандын азык-түлүктөрүн, анын ичинде мөмө-жемиштерди, балык жана эт-сүт азыктарын жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Кыргызстандан картошка Өзбекстандын рыногуна ийгиликтүү жеткирилип жатат.

🐟 Делегация жылына 50 тонна колбаса жана 10 миң тонна осетр балыгын өндүрүүчү кубаттуулугу жогору Аль Хилал заводдорунда жана Хоррот Фиш балык чарбасында болушту.

🌍 Food City Өзбекстандагы эң ири дүң мөмө-жемиш жана жашылча базары болуп саналат, ал 60 гектар аянтты ээлейт жана рыноктун ар кандай сегменттерин, анын ичинде чекене сатуучуларды жана ресторандарды тейлейт.

🛒 Борбордун инфраструктурасында соода борборлору, кеңселер, мейманканалар жана жүк ташууну күтө турган аймактар бар, бул дүң сатып алууларды ыңгайлуу кылат.

Есть вопросы по новости? Задайте ваш вопрос нейросети и получите моментальный ответ.

Отправить
0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x