🗳️ Өзбекстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо башталды.
🕗 Шайлоо участкалары саат 08:00дө ачылып, жергиликтүү убакыт боюнча 20:00гө чейин иштейт.
📊 Бул өлкө эгемендүүлүк алгандан берки жетинчи парламенттик шайлоо жана биринчи жолу депутаттар аралаш модель менен шайланат: бир мандаттуу округдардан 75, партиялык тизме боюнча 75.
📝 Талапкерлерди расмий катталган саясий партиялар гана көрсөтө алат. 875 талапкер катталган беш партия шайлоого катышууга уруксат алды.
🌍 Чет өлкөдө добуш берүү үчүн 56 шайлоо участогу түзүлүп, жарандар онлайн каттоодон өтүштү.
👥 Шайлоочулардын тизмесинде 20 миллионго жакын адам катталган, шайлоого дээрлик 70 миң жергиликтүү жана 1 миң эл аралык байкоочу көз салат.
📰 Шайлоону ар кайсы өлкөлөрдөн келген 1 миңден ашык журналист чагылдырып, коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздайт.
📅 Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 28-октябрда чыгарылат.