• Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган капиталдык жолдорду оңдоо иштери улантылууда.
• 13-августтан тарта Чүй проспектисинин Манас проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн ортосундагы бөлүгүн унаа кыймылы үчүн ачуу пландалууда.
• Чүй проспектиси боюнча иштер Манас проспектисинен баштап Т.Айматов көчөсүнө чейин этап менен жүргүзүлөт.
• Жолдун бул участогунун ачылышы борбордун борбордук белугундегу автотранспорттун агымын бир кыйла жакшыртат деп күтүлүүдө.
• Оңдоо иштери Бишкек шаарынын жол тармагын жаңылоо боюнча кеңири программанын бир бөлүгү болуп саналат.