🌱 Кыргызстанда ачык жерде өстүрүлгөн жашылча өсүмдүктөрүнүн вегетациялык мезгили активдүү жүрүп жатат.
🥔 2025-жылы картошка 64 637 гектар, сабиз 7 332 гектар аянтка отургузулган.
📊 Картошканын орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 175–178 центнер, ал эми сабиздики 230 центнерди түзөт. Быйыл 1,1-1,15 млн тонна картошка жана 168 миң тонна сабиз жыйналары күтүлүүдө.
🛒 Ички рыноктун жылдык талабы 757,9 миң тонна картошка жана 98,6 миң тонна сабизди түзөт. Бул көрсөткүчтөр өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жетиштүү.
💹 Социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасы негизсиз көтөрүлбөшү үчүн министрлик күнүмдүк баа мониторингин жүргүзүүдө. Эгерде экспорттун көбөйүшүнөн же ортомчулардын аракеттеринен улам продукция тартыштыгы же баанын кескин өсүшү байкалса, убактылуу экспорттук чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
🤝 Министрлик азык-түлүк рыногунун бардык катышуучуларын элди негизги азык-түлүк менен туруктуу камсыздоого багытталган ак ниет жана жоопкерчиликтүү иш алып барууга чакырат.






