🍯 Кыргызстан 2025-жылдын алгачкы төрт айында 143,7 тонна бал экспорттоду, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 45,9 тоннага көп.
📈 Экспорттун көлөмү 47% өстү, былтыркы жылы ушул мезгилде 97,8 тонна бал экспорттолгон.
🌍 Кыргыз балын экспорттоонун негизги багыттары: Кытай (82,1 т), Бириккен Араб Эмираттары (24,5 т), Өзбекстан (15,1 т), Катар (6,3 т), Кувейт (4,6 т).
🔍 Кытай жана БАЭге экспорттун олуттуу өсүшү Кыргызстандын табигый балына болгон суроо-талаптын жогору экенин көрсөтөт.
📉 Импорт кескин кыскарды: 2024-жылдын алгачкы төрт айында 44,8 тонна бал импорттолсо, 2025-жылы болгону 0,5 тонна импорттолгон.
🌿 Кыргызстан экологиялык жактан таза аймак катары таанылган, бул жергиликтүү балдын эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
💼 Экспорттук позицияларды чыңдоо пчеловоддуктун өнүгүшүнө жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кирешесин жогорулатууга өбөлгө түзөт.