📚 Кыргызстандын билим берүү системасынын өнүгүүсүнө быйыл республикалык бюджеттен 744 миллион сом бөлүндү.
📘 Англис тили боюнча 3төн 9-класска чейинки окуучулар үчүн 1 262 420 нускада жаңы окуу китептери чыгарылып, аларга 272,7 миллион сом сарпталды.
🇬🇧 Улуу Британиянын элчилигинин колдоосу менен кошумча 158 700 нускада окуу китептери басылып чыгып, бул үчүн дээрлик 25 миллион сом жумшалды.
📐 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн математика жана табият таануу боюнча окуу китептеринин экспертизасы аяктоо алдында турат.
📚 Россиянын Билим берүү министрлиги менен биргеликте 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери адаптацияланууда.
🎓 2028-жылга чейин бардык класстар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде толук комплекттеги окуу китептерин чыгаруу пландалууда.