📢 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” аттуу ай сайын берилүүчү жөлөкпулду берүү тартиби жөнүндө Положениени бекитти.
🏔️ Жөлөкпулдун көлөмү 3000 сомду түзөт жана 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилет.
🗺️ Жөлөкпулду алуу укугу бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, айрым чек арадагы өзгөчө статусу бар жерлерде жашаган үй-бүлөлөргө берилет.
💰 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырылды.
🔧 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул чечимди ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрөт.
📅 Жаңы чечим 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.






