🥕 Бишкекте Кадамжай районунда азык-түлүк жарманкеси өттү.
🌽 Жарманкеге жергиликтүү дыйкандар, фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр катышып, эт, сүт азыктары, жашылча жана мөмө-жемиштер, дан эгиндери, ошондой эле экологиялык жактан таза айыл чарба товарларын сунушташты.
🥩 Жарманкеде сиыр эти 640 сом, кой эти 650 сом, ал эми картошка 45 сомдон сатылды, бул базар бааларынан кыйла төмөн.
🌾 Өлкөдө айыл чарба продукциясынын туруктуу өндүрүшү байкалууда, ошондуктан азык-түлүк жетишсиздиги жок. Мындай жарманкелер калкты керектүү азыктар менен камсыздоодо жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоодо маанилүү роль ойнойт.
🍏 Жарманкелердин өткөрүлүшү айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү дыйкандарды колдоого зор жардам берет.










