9 миңден ашуун улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үй шартында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алышат – Эмгек министрлиги

Кыргызстанда 867 социалдык кызматкер үй шартында 9 458 улгайган жаранга кызмат көрсөтүүдө. Алардын ичинде жалгыз бой улгайган жарандар, майыптар, жубайлар жана оор абалда калган үй-бүлөлөр бар. Ар бир социалдык кызматкер жумасына эки жолу үйгө барып, 8ден 12ге чейин кардарды тейлейт.

👵 Кыргызстанда 867 социалдык кызматкер үй шартында 9 458 улгайган жаранга кызмат көрсөтөт.

👴 Алардын ичинен жалгыз бой улгайган жарандар – 3 753, майыптыгы бар адамдар – 2 229, жубайлар – 352, оор турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр – 3 124.

📅 Ар бир социалдык кызматкер жумасына эки жолудан кем эмес кызмат алуучуларды зыярат кылат, бул график аймактык башкармалыктын жетекчиси тарабынан бекитилет.

👥 Орточо алганда, бир адис 8ден 12ге чейин кардарды тейлейт, ал эми жумалык иш убактысы 40 сааттан ашпайт.

📝 Социалдык кызматкерлер социалдык колдоого муктаж жарандарды өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү арыздары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары, кошуналар же жакын туугандарынын билдирүүлөрү боюнча аныктайт.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x