


[adrotate_integration id=”2″]🌿 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Алтай Республикасына иш сапары менен барды.
🤝 Горно-Алтайск шаарынын аэропортунда Адылбек Касымалиевди Алтай Республикасынын башчысы Андрей Турчак жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.
🎤 Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев эл аралык экологиялык конференцияга катышып, бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен пленардык жыйында сөз сүйлөйт.
🌍 Конференцияда тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралат.






