🎉 Кыргызстандын жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо.
🧵 Жеңил өнөр жай Кыргызстандын экономикасында маанилүү роль ойнойт, анын 90% тигүү өндүрүшүнө туура келет. Бул тармак калктын иш менен камсыз болушуна жана мамлекеттик бюджетке киреше алып келет.
🌍 Кыргызстандын өнүмдөрү ички жана эл аралык рыноктордо ийгиликтүү орун алып, заманбап логистикалык жана технологиялык чечимдерди колдонуу менен жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген продукция чыгарат.
🛒 Электрондук соода кыргыз өндүрүүчүлөрүнө дүйнөлүк базарларда ийгиликтүү атаандашууга мүмкүнчүлүк берет, бул алардын сапаты жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт.
👗 Кыргыз дизайнерлери жана чеберлери эл аралык деңгээлде таанылып, кыргыз маданиятынын байлыгын жана сулуулугун дүйнөгө таанытышат.
📈 2024-жылы текстиль, кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү 20,5 миллиард сомго жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 15% өсүштү көрсөттү. Жеңил өнөр жайда иштегендердин саны 130 миң адамды түзөт.
🔧 Өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү үчүн өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана экспорттук потенциалды күчөтүү зарыл.
🤝 Мамлекет инфраструктураны өнүктүрүп, ишканаларды модернизациялоону стимулдаштырып, рынокторду кеңейтип, квалификациялуу кадрларды даярдоого колдоо көрсөтүүнү улантат.
👏 Жеңил өнөр жайдын өнүгүүсүнө кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирип, сиздерге бекем ден соолук, энергия жана жаңы ийгиликтерди каалайм!