🌾 2025-жылдын алгачкы беш айында “Айыл чарба өнөр жай комплексин каржылоо” долбоорунун алкагында 2,4 миллиард сом суммасындагы жеңилдетилген кредиттер жана лизингдик кызматтар берилди.
🏦 ОАО «Айыл Банк» жалпы 1,2 миллиард сомго 526 кредит берип, айыл чарба тармагын колдоду.
💰 ОАО «Элдик Банк» дагы 463 субъектке 1,2 миллиард сомдук каржылык колдоо көрсөттү.
🌱 Долбоордун максаты – айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө түрткү берип, аграрийлерге жеңилдетилген шарттарда каржылык ресурстарга жеткиликти камсыз кылуу.
📞 Кредиттик программалар жана насыя алуу шарттары тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн жарандар ОАО «Айыл Банк» жана ОАО «Элдик Банк» филиалдарына кайрылып, ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистеринен кеңеш ала алышат.