«АгроТехЭкспо-2025» көргөзмөсүндө Бишкекте техниканы лизингге жана товарларды арзан баада сатып алууга болот

17-19-октябрда Бишкекте агроөнөр жай көргөзмө-жарманкеси өтүп, заманбап айыл чарба техникасы жана экологиялык таза азыктар сунушталат. Келип, арзандатуулардан пайдаланыңыз.

[adrotate_integration id=”2″]

🌾 Бишкекте 17-19-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин күнү урматына “АгроТехЭкспо-2025” аттуу республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба азык-түлүк жарманкеси өтөт.

🚜 Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана асыл тукум айыл чарба жаныбарлары көрсөтүлөт.

🛒 Жарманкеде экологиялык жактан таза айыл чарба азыктары арзан баада сунушталат.

💰 Көргөзмө учурунда ири арзандатуулар, ошондой эле техникаларды, жабдууларды жана айыл чарба товарларын сатып алууда жеңилдетилген лизинг жана кредиттер сунушталат.

👩‍🌾 Министрлик бардык дыйкандарды жана фермерлерди борбордо өтүүчү ири көргөзмө-жарманкеге катышууга чакырат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген