🏗️ Бишкек мэри Айбек Джунушалиев шаардагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.
🛠️ Мэр Д. Омурзакова атындагы кичи аренаны текшерип, бардык иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө, ноябрь айында өткөрүлүүчү расмий ачылышка даярдоону тапшырды.
🚧 Айбек Джунушалиев пандустарды орнотуу, резина чектөөлөрдү коюу жана тегеректеги аймакты жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал унаалар, велосипеддер жана самокаттар үчүн ыңгайлуу токтотуучу жайларды камсыздоону тапшырды.
🏗️ Мэр Чүй проспектиндеги заманбап жер алдындагы өтмөк жана көп деңгээлдүү токтотуучу жайдын курулуш аянтчасын да текшерди. Учурда пландалган иштердин 80% аткарылган.
🏫 Мэр Жибек Жолу проспектиндеги № 23 мектептин курулушу менен таанышып, беш кабаттуу имаратты жана үстү ачык спорт аянтчасын куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
📈 Жыйындын жыйынтыгы менен мэр бардык кызматтардын координацияланган жана ыкчам ишин камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу аткаруучулардан демилгечилдик жана убагында чечимдерди кабыл алууну талап кылды.















