


[adrotate_integration id=”2″]🏗️ Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Калинин көчөсүндө иш сапары менен болду. Бул көчө Бишкек шаарынын Генералдык планына ылайык, жалпы шаардык маанидеги магистралдык көчөлөрдүн катарына кирет.
🚧 Калинин көчөсүнүн кеңдиги ар кайсы бөлүктөрүндө ар башка: Победа проспектинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү 120 метр, ал эми Ауэзова көчөсүнүн аймагында 45 метрди түзөт.
🚦 Учурдагы реконструкция этабында жолдун кеңдиги 15 метрге чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү кыймыл уюштурулат. Бул жол кыймылынын коопсуздук талаптарына жооп берет.
🌳 Келечектеги өнүгүү планы жолдун кеңдигин 22,5 метрге чейин кеңейтип, алты тилкелүү кылууну камтыйт. Ошондой эле, тротуарларды куруу жана жашылдандырууну камтыган комплекстүү жакшыртуулар пландаштырылган.
💡 Суу менен камсыздоо, электр энергиясы жана канализация системаларын заманбап стандарттарга ылайык жаңыртуу иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.






