



🌆 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Курманжан Датка көчөсүндө инспекциялык кыдыруу жүргүздү.
🛣️ Жолдун Чүй проспектинен У.Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду реабилитациялоо жана жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
🏠 Жолду кеңейтүү үчүн 45 кыймылсыз мүлк объектиси кызыл сызыктарга кирет. Бул жер тилкелеринин менчик укугун аныктоо үчүн документтерди кылдат текшерүү тапшырылды.
📑 Зарыл болсо, жер ээлерине альтернативдик жер тилкелерин берүү мүмкүнчүлүгү каралат.
💡 Жарыктандыруу системасын жакшыртуу, жөө жүргүнчүлөр жолдорун оңдоо жана санитардык нормаларды сактоо боюнча тапшырмалар берилди.
🔄 Айбек Жунушалиев долбоорду ишке ашырууда бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын тең салмактоо менен транспорттук инфраструктураны жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.