
[adrotate_integration id=”2″]🔍 Бишкекте 17 жаштагы Айсулууга карата жасалган кылмыш боюнча жалган маалымат тараткан жаран кармалды.
👤 Кармалган адам Нарынбек уулу Сыймык болуп, ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.
📢 Сыймык коомчулукту адаштырып, коомдогу чыңалууну күчөтүү максатында жалган маалыматтарды тараткан.
⚖️ Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча кылмыш иши козголду.
🚔 Сыймык мыйзамдуу түрдө кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
🕵️♂️ Сыймыкка милиция тарабынан эч кандай коркутуулар болгон эмес, эгерде андай болсо, ал тиешелүү органдарга кайрылса болот.






