Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду. Иш-чара 2026-жылдын сентябрында Бишкектеги жаңы "Азаттык Арена" стадионунда өтөт.

[adrotate_integration id=”2″]

🇰🇬 Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун элчиси болду.

🏟 Оюндар 2026-жылдын сентябрь айында Бишкекте жаңы “Азаттык Арена” стадионунда өтөт.

🌏 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин салттарын жана маданиятын жайылтууга, ошондой эле маданият жана спорт жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

👥 Бул оюндар дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, туризмди өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана элдер ортосундагы диалогду тереңдетүүгө шарт түзөт.

🏆 Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси, эл аралык деңгээлдеги ар кандай мелдештердин байге ээси, Токио (2021) жана Париж (2024) Олимпиадаларынын күмүш жана коло медалдарынын ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген