Айыл чарба министри Ысык-Атадагы канаттуулар фабрикасына барып, аны калыбына келтирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Бакыт Торобаев Ысык-Атадагы канаттуулар фабрикасына барып, мамлекеттик ишкананы кайра жандандыруу маселелерин талкуулап, тиешелүү тапшырмалар берди. 2025-жылдын 17-мартында ишкана кайрадан мамлекетке өткөрүлдү.

🐔 Ысык-Атадагы “Иссык-Атинский госплемптицезавод” кайрадан мамлекеттик башкарууга кайтарылды жана анын ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча иштер башталды.

🔄 1980-жылы негизделген бул ишкана 2002-жылы “Алтын-Канат” ачык акционердик коомго айланган, 2007-жылы жеке колго өткөн. 2025-жылдын 17-мартында кайрадан мамлекеттик менчикке өткөрүлдү.

📈 Совет мезгилинде бул ишкана республика боюнча тоок этин жана жумуртканы толук камсыздап, кошумча тоок жүнүн жана башка продукцияларды чыгарган.

💼 Министр Бакыт Торобаев ишкананы кайра жандандыруу үчүн тиешелүү тапшырмаларды берип, анын келечектеги өнүгүү пландарын талкуулады.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x