🏗️ Бишкекте булгаары заводун куруу пландалууда.
🌱 Суу чарба жана айыл чарба кайра иштетүү министрлиги Чүй районунун Жаңы-Пахта айылына жакын жерде малдын терисин кайра иштетүүчү завод жана бут кийим фабрикасын түзүү долбоорун демилгеледи.
💼 Долбоордун максаты – булгаары жана жүн ишканаларын тартуу, ошондой эле экологияга жана калктын ден соолугуна оң таасирин тийгизүүчү заманбап тазалоочу жайларды колдонуу менен кайра иштетүүнү уюштуруу.
🤝 Министрлик ишкерлер менен активдүү жолугушууларды өткөрүп, аларды ири жана кичи ишканаларды курууда кызматташууга чакырып жатат.
📞 Каалоочулар министрликке 0704 184184 жана 0555 508220 телефондору аркылуу кайрылса болот.