🌱 Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги чет өлкөдө жана өлкө ичинде эмгек миграциясында жүргөн жарандарды аз түшүмдүү жерлерди өздөштүрүүгө чакырат.
💧 Республика боюнча 614 миң гектар аз түшүмдүү жерлер аныкталды.
💰 Жарандар бул жерлерди өздөштүрүү менен жакшы киреше табууга жана Кыргызстандын жашыл зонага айланышына салым кошууга мүмкүнчүлүк алат.
🤝 Министрлик жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аз түшүмдүү жерлерди жана жайыттарды иштетүүнү каалагандарга комплекстүү колдоо көрсөтөт. Бул тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу, жеңилдетилген кредиттерди алуу, кесипкөй агрономдордон сапаттуу көчөт жана үрөн тандоо боюнча кеңештерди камтыйт.
🌿 Кыргызстандын жашыл келечегине жол ачуу үчүн жарандарга кеңири мүмкүнчүлүктөр берилүүдө.






