Айыл чарба министрлиги кулпунайдын жана малинанын жаңы сортторунан потенциалдуу киреше болорун жарыялады

Чүй районундагы «Эко-Азык» мөмө-жемиш питомнигинде кулпунайдын жана малинанын жаңы сортторун көргөзмөлүү отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Кулпунай биринчи жылы 1 гектардан 12 тонна түшүм алып, өзүн актаганы 1,5 жылда, малина 4 тоннадан 2 жылда чыгымын толук кайтарып берген.

🍓 Чүй облусунда кулпунайдын жана малинанын жаңы сортторун көрсөтмөлүү отургузуу иштери башталды.

🌱 Таш-Дөбө айылындагы “Эко-Азык” питомнигинин базасында 2 гектар аянтка кулпунайдын, 1 гектар жерге малинанын жаңы сорттору отургузулду.

💰 Биринчи жылы кулпунай гектарынан 12 тонна түшүм көрсөтсө, чыгашасы 2,05 миллион сомду, кирешеси 1,92 миллион сомду түзгөн.

📈 Экинчи жылы кулпунайдын түшүмдүүлүгү гектарына 15 тоннага чейин жогорулап, чыгымдын толук акталуусу 1,5 жылды түзөрү күтүлүүдө.

🌿 1 га жерге эгилген малина 1-жылы түшүм берип, 4 тонна түшүм алып, 1 миллион 800 миң сомдук чыгым болгон.

📊 Малинадан биринчи жылы түшкөн киреше 520 миң сомду түзсө, 2 жылда толук акталуусу күтүлүүдө, экинчи жылы түшүмдүүлүк 10-12 тоннага чейин көбөйүшү мүмкүн.

🌳 Малина көчөттөрүнүн жашоо мөөнөтү 10 жыл, бул аны жергиликтүү дыйкандар үчүн келечектүү түшүм кылат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x