🌾 Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери активдүү уланып, 443 миң гектар аянтты ээледи.
🌱 223,2 миң гектар аянттан буудай орулуп, пландын 92,8%ын түздү. Түшүмдүүлүк гектарына 29,5 центнерге жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 5,7 центнерге көп. Буудайдын дүң жыйымы 659,4 миң тоннаны түздү.
🌾 204,7 миң гектар аянттан арпа жыйналып, пландын 81,6%ын түздү. Түшүмдүүлүк 25,9 ц/га болуп, дүң жыйымы 529,9 миң тоннага жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 135,7 миң тоннага көп жыйналды.
🌽 15,2 миң га (14,2%) аянттагы жүгөрү жыйноо аяктады. Түшүмдүүлүк 76,4 ц/га болуп, дүң жыйымы 116,1 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,8 миң тоннага көп жыйналды.
🥔 Картошка 19 миң гектардан (28,7%) жыйналып, түшүмдүүлүк 169,7 ц/га, дүң жыйымы 323,4 миң тонна болуп, былтыркыга салыштырмалуу 30,9 миң тоннага көп.
🥕 Жашылчалардын дүң жыйымы 588,3 миң тоннаны түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 95,9 миң тоннага, ал эми бак-дарбыз 212,4 миң тоннага, өткөн жылга салыштырмалуу 46,9 миң тоннага көп.
🍏 Мөмө-жемиштер 43,2 миң тоннага жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу 9,1 миң тоннага көп.
🌻 Республикада да май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери башталды, бул айыл чарба ишинин кеңейгендигинен кабар берет.