😢 Ошто Ак-Буура дарыясына агып кеткен беш жашар баланы издөө иштери аяктады.
🚨 Өзбекстан менен чек арага чейин издөө иштери жүргүзүлдү, тилекке каршы, оң натыйжа болгон жок.
👮♂️ Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар, жалпысынан 71ге жакын адам катышты.
🗓 Эскерте кетсек, окуя 9-ноябрда болуп, жээкте ойноп жаткан бала дарыяга кулап кеткен.
💔 Бул трагедия жергиликтүү тургундардын жана куткаруучулардын жүрөгүндө терең из калтырды.