🎬 Кыргызстанда XIII Улуттук “Ак Илбирс” кино сыйлыгын алуу үчүн 2024-жылдагы тасмалар үчүн арыздарды кабыл алуу башталды.
📅 2024-жылы чыгарылган жана жанрына карабастан бардык тасмалар “Ак Илбирс” сыйлыгына талапкер боло алышат.
🏆 Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат, анын ичинде мыкты фильм, мыкты режиссёр, мыкты сценарий жана мыкты актёрдук чеберчилик сыяктуу категориялар бар.
🎥 Сыйлыкты өткөрүү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кинематография департаментинин, Кыргызстандын кинематографисттер союзунун жана “Айтыш” коомдук фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
🗓 Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 2025-жылдын 1-апрелине чейин уланат.