


[adrotate_integration id=”2″]🏗️ Бишкекте жаңы бала бакча курулууда.
👶 Жашоочулар үчүн “Ак-Орго” конушунда эки кабаттуу, 100 балага ылайыкталган бала бакча курулууда.
🏡 Жалпы аянты 0,39 гектарды түзгөн бул бала бакчада коопсуздукту камсыздоо үчүн ар бир оюн бөлмөсүнөн эвакуациялык чыгыштар каралган.
🏥 Бала бакчанын ичинде ашкана, буфет, уктоочу бөлмөлөр, санитардык бөлмөлөр, оюн жана кабыл алуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, музыкалык жана гимнастикалык зал, чарбалык жана техникалык бөлмөлөр жайгашат.
🔨 Учурда темир-бетон каркасы толугу менен бүткөрүлүп, чатырды орнотуу жана кирпич дубалдарды тургузуу иштери жүргүзүлүүдө.
🏗️ Курулуш иштерин “Гипер Строй” ЖЧКсы аткарууда.






