🌍 Нарын облусундагы «Ак-Талаа уголь» мамлекеттик ишканасы пландалган текшерүүдөн өттү.
⚠️ Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүндө ишкананын коопсуздук жана өндүрүш нормаларынын айрым талаптары аткарылбаганы аныкталды.
💰 Текшерүүнүн жыйынтыгында ишканага 87 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
⏳ Ишканага аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 15 күн берилди.
🔔 Экология жана техникалык көзөмөл кызматы бардык кен казуу жана өндүрүш тармагындагы уюмдарга коопсуздук, экологиялык жана техникалык нормаларды катуу сактоо керектигин эскертет.










