🥈 Кыргызстандын улуттук самбо командасынын мүчөсү Акак Усон кызы Армениянын Ереван шаарында өткөн дүйнөлүк кубокто күмүш медаль тагынды.
🥋 Акак Усон кызы 54 кг салмак категориясындагы спорттук самбо боюнча күч сынашты.
🇺🇦 Биринчи айлампада ал Украинанын атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты.
🇹🇲 Экинчи айлампада Түркмөнстандын спортчусун жеңип, финалга жолдомо алды.
🇷🇺 Финалдык беттеште Акак Россиянын спортчусуна утулуп, дүйнөлүк кубоктун күмүш медалынын ээси болду.
🏆 Бул ийгилик Кыргызстандын спортчуларынын эл аралык аренадагы жогорку чеберчилигин дагы бир жолу тастыктады.