🇺🇸 АКШдагы федералдык иммиграциялык органдар тарабынан чет элдик жарандардын иммиграциялык статусун текшерүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына маалыматтык билдирүү таратты.
🛂 Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык мекемелери өлкөнүн компетенттүү органдары менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстандын жарандарынын кармалышы мүмкүн болгон учурларды көзөмөлдөшөт.
⚖️ Жарандардан кайрылуу келип түшкөн учурларда, Кыргызстандын дипломатиялык мекемелери консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, жарандардын укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берип, АКШнын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык адвокаттык колдоо алууга көмөк көрсөтүшөт.
📜 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга АКШнын миграциялык мыйзамдарын сактоо зарылдыгын эскертет жана мүмкүн болгон жагымсыз кесепеттерди алдын алуу максатында жапырт иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразылык акцияларына катышпоону сунуш кылат.
🆔 Кыргызстандын жарандарына кайрылуу: ар дайым өздүгүн тастыктаган документти өздөрү менен алып жүрүү, иммиграциялык статусунун актуалдуулугун жана уруксат документтеринин мөөнөтүн текшерүү.
🗣️ Иммиграциялык органдар менен байланышта болууда сабырдуулукту жана туура жүрүм-турумду сактоо. Өз укуктарын пайдалануу: адвокаттын консультациясын алуу, документтерди котормо жана мазмунун түшүндүрмө албай туруп кол койбоо, өздүгүн аныктоого байланыштуу суроолорго гана жооп берүү.
📞 Кармоо учурунда консулдук мекемелерди кабардар кылууну талап кылуу зарыл.
📧 Ыкчам байланыш үчүн байланыштар: Кыргызстандын АКШдагы элчилиги (Вашингтон): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924; Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу: +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42; Электрондук почта: [email protected], [email protected]






