





🎬 Фильм «Качкын» режиссера Дастана Жапара Рыскелды 27-майда XVIII Чебоксар эл аралык кинофестивалында этникалык жана регионалдык кино багытында атайын сыйлыкка ээ болду.
🏆 Башкы ролдордун бирин аткарган актер Марат Абылай «Эң мыкты эркек ролу» номинациясында мыкты деп табылды.
🌍 «Качкын» тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Пусандагы (Түштүк Корея) престиждүү кинофестивалда болуп өттү жана ал Котбус (Германия), Дакка (Бангладеш) сыяктуу ири кинофестивалдарга катышкан.
🎥 Фильм ошондой эле Лос-Анджелестеги Asian World Film Festival, Казакстандагы Евразия МКФ жана Индиядагы Гоа МКФ фестивалдарына катышуу үчүн тандалып алынган.
🔍 Картина коопсуз миграция жана заманбап кулчулук сыяктуу маанилүү социалдык көйгөйлөрдү камтыйт, бул миллиондогон адамдар үчүн актуалдуу.
🎭 «Качкын» тасмасы Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы жана Creative Center & CTR компаниясы менен биргеликте тартылган. Тасмада Абылай Маратов, Өмүрбек Израилов, Мээрим Атантаева, Бегайым Асанакунова, Жеңишбек Сманов, Атай Өмүрбеков, Акылбек Мураталиев жана башка актерлор ойногон.
🎬 Фильмдин продюсери – Сүйүм Сулайманова.