📈 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын бириктирилген бюджети акыркы төрт жылда дээрлик эки эсеге өстү.
💰 2021-жылы бюджет 26,3 миллиард сомду түзгөн болсо, 2025-жылы бул сумма 49,3 миллиард сомго чейин көбөйгөн.
🏥 Каражаттар медициналык кызматтарды каржылоого, жеңилдетилген дары-дармектерге, онкологиялык препараттарга жана гемодиализге багытталат.
🔬 Жогорку технологиялуу жардам, кургак учукка каршы кызматтар жана саламаттык сактоо тармагындагы илимий изилдөөлөр да каржыланууда.
📊 Бул өсүш саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана калктын ден соолугун жакшыртууга багытталган.






