🌾 Ала-Букин районунда күзгү талаа иштеринин башталышы менен дыйкандар жана фермерлер Орток-Бел массивинде активдүү эмгектенүүдө.
🚜 Бул жылы түз себүү технологиясы колдонулуп, ал чыгымдарды азайтып, түшүмдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
🌱 Кампаниянын алкагында 300 гектар аянтка буудай себүү пландалууда, бул үчүн 60 тонна үрөн жана 25 тонна жер семирткич бөлүндү.
📈 Учурда 65 гектар аянтка буудай себилип, иштер графикке ылайык улантылууда.
👨🌾 Район башчысы Руслан Айтбаев себүү аянттарын зыярат кылып, иштердин жүрүшү менен таанышып, дыйкандар менен пикир алышты.
💧 Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин колдоосу менен аймакта күзгү буудай жана арпа себүү иш-чаралары жүргүзүлүп, бул иштер түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана кийинки айыл чарба сезондо дыйкандардын эмгегин жеңилдетүүгө багытталган.






