








🎉 Ала-Букин районундагы Падек айылында жаңы Маданият үйү ачылды.
📈 Жогорку Кенештин торага Нурланбек Тургунбек уулу өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди. Экономикада чоң өзгөрүүлөр болуп, өлкөнүн бюджети 704 миллиард сомдон ашты.
🏛️ Нурланбек Тургунбек уулу маданияттын улут үчүн маанисин баса белгилеп, жаңы ачылган Маданият үйү улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана руханий муктаждыктарды канааттандыруу борбору болушун каалады.
💰 Маданият үйүнө колдоо катары 300 миң сомдук сертификат тапшырылды, ал тораганын Резервдик фондунан бөлүндү.
🏗️ 220 орундуу бул Маданият үйү 16 миллион сомго курулуп, дагы 750 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланды.