



🎢 Бишкекте «Ала-Тоо Резорт» комплексинин курулушу үчүн канат жолунун жабдыктары жеткирилди. Бул жабдыктар Австриядан алынып келинген.
🌍 Австриялык дүйнөлүк лидер компания менен Борбордук Азияда биринчи ири канат жолун куруу боюнча келишим түзүлгөн. Учурда чет элдик инженерлер канат жолунун трассасы өтүүчү жерлерде техникалык жолдорду түзүүдө.
🏗️ Арматурадан курулуш үчүн даярдыктар жасалууда. Жакын арада тирөөчтөрдүн пайдубалын түптөө иштери башталат.
📏 Канат жолунун жалпы узундугу 4 км болуп, эки бөлүккө бөлүнөт: биринчи бөлүгү 1 км 730 метр, 12 тирөөч жана 2 станция, экинчи бөлүгү 2 км 250 метр, 14 тирөөч жана 2 станция.
🚚 «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов билдиргендей, канат жолунун курулуш жабдыктары Австриядагы заводдон этап-этабы менен жеткирилүүдө.