«Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин логотибин түзүү боюнча конкурс жарыяланды

Кыргызстандын табигый жана маданий байлыктарын чагылдырып, туруктуу туризм концепциясын билдирген заманбап логотип түзүү үчүн «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын конкурсу жарыяланды. Дизайнерлер, художниктер жана студенттер катышууга чакырылат. Жеңүүчү 50 миң сомдук сыйлыкка ээ болуп, логотип мамлекеттик долбоордун расмий символу болот. Заявкалар 3-17-ноябрь аралыгында кабыл алынат.

🏔️ Бишкекте «Ала-Тоо Резорт» логотип үчүн ачык конкурс жарыяланды.

🎨 Конкурстун максаты – Кыргызстандын табигый жана маданий байлыктарын, тоолордун рухун, Иссык-Кулдун тазалыгын, туруктуу туризм концепциясын жана өлкөнүн улуттук символу болгон кар барысын чагылдырган заманбап логотипти түзүү.

👩‍🎨 Конкурска дизайнерлер, сүрөтчүлөр, архитекторлор, студенттер, профессионалдык дизайн студиялары жана чыгармачылык бирикмелер катыша алышат.

🏆 Жеңүүчү логотип мамлекеттик мааниге ээ «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун расмий логотиби болуп, бренддин визуалдык коммуникациясынын бардык формаларында колдонулат.

💰 Жеңүүчү 50 миң сомдук акчалай сыйлык алат жана логотипти иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

📅 Заявкаларды кабыл алуу 2025-жылдын 3-ноябрынан 17-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Жумуштарды Бишкек, Логвиненко көчөсү, 55А дареги боюнча же [email protected] электрондук почтасына «Конкурс үчүн» белгиси менен жөнөтүүгө болот.

🔗 Конкурстун эрежелери жана логотипти иштеп чыгууга техникалык тапшырма расмий сайттан жүктөп алууга болот.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x