Алматы шаарында Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чара өттү. Программада улуттук оюн «Ордо», тематикалык фотокөргөзмө жана шахмат турнири болду. Генералдык консул Женишбек Асанкулов мамлекеттин жетишкендиктерин белгилеп, кыргыз элин патриотизмди бекемдөөгө чакырды.

[adrotate_integration id=”2″]

🇰🇬 Алматы шаарында 2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

🎉 Иш-чаранын алкагында президенттин «Уңгу жол» доктринасына ылайык улуттук оюн «Ордо» көрсөтүлүп, тематикалык фото көргөзмө жана шахмат турнири өткөрүлдү.

🤝 Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы башкы консулдугу, кыргыз диаспорасынын «Мурас» этномаданий бирикмеси жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн колдоосу менен уюштурду.

🗣️ Генералдык консул Женишбек Асанкулов Эгемендүүлүк күнүнүн тарыхый маанисин баса белгилеп, мекендештерди өлкөнүн өнүгүүсүнө активдүү салым кошууга чакырды.

🌍 Ал эл аралык коомчулук менен достук жана коңшулук мамилелерди сактоо маанилүү экенин белгилеп, жашаган өлкөнүн тилин, маданиятын, салт-санаасын жана мыйзамдарын урматтоо зарылдыгын айтты.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген