🏃♂️ Алма-Ата шаарындагы жарым марафондо эки катышуучу каза болду. 84 жаштагы Аккоян Рсалиев жана 21 жаштагы Нурбол Ахмади 21,1 чакырым аралыкка чуркап жатканда өмүрлөрү менен кош айтышты.
📉 Рсалиев биринчи километрде эс-учун жоготуп, тез жардам келгенге чейин эле пульссуз калган. Дарыгерлер анын өлүмүнүн алдын ала себебин өпкө артериясынын тромбоэмболиясы деп аташты.
💔 21 жаштагы Ахмади 16-чакырымда кулап түшүп, дарыгерлер келгенге чейин көз жумган. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын өлүмүнө өпкө артериясынын тромбоэмболиясы жана курч жүрөк жетишсиздиги себеп болгон.
🤝 Уюштуруучулар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, материалдык жардам көрсөтүүнү пландап жатышат.