🚗 Бишкек шаарында Железнодорожная бажысынын “Северная” бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭС аймагына алты Tesla Cybertruck 2024 унаасын киргизүүдө туура эмес декларациялоо фактыларын аныкташты.
📊 Tesla Cybertruck унаалары жеңил унаалар катары деклацияланып, импорттоочуларга НДС төлөмдөрүндө жеңилдиктерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилген.
🔍 Документалдык текшерүү көрсөткөндөй, бул унаалар техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча “пикап” түрүндөгү жүк ташуучу унаалар катары классификацияланышы керек.
📑 Жүк ташуучу электромобилдер НДС боюнча жеңилдиктерге жана бажы төлөмдөрүнө кирбейт, андыктан аларга салыктык жеңилдиктер каралган эмес.
💰 Жалпы кошумча бажы төлөмдөрү жана салыктардын суммасы 16 266 586 сомду түздү.
🗂 Бул иштин материалдары укук бузууларды каттоо системасына киргизилип, тергөө үчүн ГТС КРнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.