🌍 Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Азербайжанда өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин 4-жыйынына катышууда.
🤝 Бейшеналиев өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жана тилектештиктин негизинде саламаттыкты сактоо системасын бекемдөө зарылдыгын белгиледи.
💻 Медицинаны санариптештирүү, медициналык туризмди өнүктүрүү жана жугуштуу оорулардын алдын алуу сыяктуу негизги багыттар талкууланды.
🌐 Министр белгилегендей, акыркы жылдардагы пандемия саламаттыкты сактоо тармагында биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн көрсөттү.
📝 Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттер аралык трансплантацияларды координациялоо боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү боюнча келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.
💪 Бейшеналиев жетишилген макулдашуулар катышуучу-өлкөлөрдүн жарандарына медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга алып келет деген ишенимин билдирди.