🌍 Кыргызстан ДСУнун Европа боюнча аймактык комитетинин 74-сессиясына активдүү катышууда.
💬 Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коомдук саламаттыкты сактоону жакшыртуу стратегияларын талкуулоо жана тажрыйба алмашуу аянтчасы катары сессиянын маанилүүлүгүн белгиледи.
📈 Министр өз сөзүндө өлкөнүн ДСУ менен кызматташуудагы жетишкендиктери тууралуу айтып, 2024-жылдын июнь айында өткөн Борбор Азиядагы саламаттыкты сактоого инвестиция боюнча эл аралык форумга токтолду.
💰 Форум Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жана саламаттык сактоо системасын жакшыртуу үчүн ден соолукка инвестициялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
🩺 Бейшеналиев ошондой эле жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү жана калктын саламаттыгынын туруктуулугун жогорулатуу маселелерине токтолду.
🤝 Министр туруктуу келечекке жетүү үчүн эффективдүү жана адилеттүү саламаттык сактоо системасын түзүүдө биримдикке жана чечкиндүүлүккө чакырды.