Ар бир жылда алкоголдук ичимдиктерге акциздер канчага көтөрүлөрүн МЭК билдирди

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2026-2029-жылдар аралыгында алкоголдук продукцияга акциздик салыкты көтөрүүнү жана балдар үчүн шекер камтылган суусундуктардан акциздик салыктан бошотууну алып салууну сунуштайт.

📈 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда айрым алкоголдук продукцияларга акциз салыгынын ставкаларын 2026-жылдан 2029-жылга чейин акырындык менен көтөрүүнү сунуштады.

🍷 Спирт, арак жана ликер сыяктуу ичимдиктер үчүн акциз салыгы 2025-жылы 160 сомдон 2026-жылы 200 сомго чейин көтөрүлөт. Андан кийин жыл сайын 20 сомго көбөйүп, 2029-жылы 260 сомго жетет.

🍾 Шампан жана газдалган вино сыяктуу игристые вино үчүн акциз салыгы 2025-жылы 45 сомдон 2026-жылы 50 сомго чейин көтөрүлүп, 2029-жылы 70 сомго жетет.

🥃 Коньяк үчүн акциз салыгы 2025-жылы 100 сомдон 2026-жылы 140 сомго чейин көтөрүлүп, 2029-жылы 200 сомго жетет.

🍺 Пиво үчүн акциз салыгы 2025-жылы 17 сомдон 2026-жылы 20 сомго чейин көтөрүлүп, 2028-жылы 30 сомго жетет.

💡 Бул чаралар зыяндуу продукцияны керектөөнү азайтуу, Кыргызстандын салык саясатын эл аралык тажрыйбага жакындатуу жана мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүү максатын көздөйт.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген