🚔 Бишкекте мас абалында мүлкүнө зыян келтирип, милиция кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу кармалды.
🛑 Окуя 16-сентябрь күнү саат 01:00 чамасында Патрулдук милиция кызматкерлери каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Porter унаасын байкап калган.
🍺 54 жаштагы эркек киши айдап баратып, спирт ичимдиктерин жыттанып турган. Ал документтерди берүүдөн баш тартып, өзүн агрессивдүү алып бара баштаган.
👮 Кармоо учурунда айдоочу качып кетүүгө аракет кылып, патрулчуну сүзүп, унаанын терезесин бузуп, мамлекеттик мүлккө зыян келтирген.
📜 Кармалган жаранга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык бейбаштык жана бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөткөндүгү үчүн кылмыш иши козголду.
🔒 Шектүү кошумча иликтөө үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди.