Ашхабадда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү таанытылды

Кыргызстандын туристтик потенциалы Ашхабадда тааныштырылды. Иш-чара Кыргызстандын Туркменистандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, туркмен саякатчыларына багытталган. Туризмдин бардык сезондук түрлөрү, анын ичинде спорттук жана медициналык туризм тууралуу маалымат берилди. Туркмен туристтик компаниялары Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

[adrotate_integration id=”2″]

🌍 Ашхабадда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул иш-чара Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү органдардын колдоосу менен өткөрүлдү.

🏞️ Кыргызстандын туристтик потенциалынын презентациясы туристтик сезонду ачууга арналган жана түркмөн саякатчыларынын арасында кыргыз туристтик продуктун жайылтууга багытталган.

👥 Иш-чарага туристтик тармакта иштеген 66 түркмөн ишканасынын өкүлдөрү катышты. Аларга Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде кышкы жана жайкы активдүү эс алуу, спорттук жана медициналык туризм боюнча маалымат берилди.

📅 Ошондой эле катышуучуларга Кыргызстанда пландалып жаткан туристтик иш-чаралар — «Туризм 2030: Борбордук Азия бирдиктүү туристтик мейкиндик катары» форуму жана «Салам Ош — 2025» эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси жөнүндө маалымат берилди.

🛂 Визалык режимдеги жаңылыктар, электрондук виза алуу мүмкүнчүлүгү жана жаңы “Сапар виза” категориясы өзүнчө белгиленди.

🤝 Түркмөн туристтик компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууга, анын ичинде таанышуу туру жана туристтик тармакта адистерди даярдоо боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген